ОшМУнун окутуучулары жасалма интеллект, интерактивдүү баалоо боюнча окутууга катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары жасалма интеллект, интерактивдүү баалоо боюнча окутууга катышты

Image

Анда Информациялык системалар жана программалоо кафедрасынын доценти Нуркасым Аркабаев "Жасалма интеллект окутуучунун кызматында" аталышында мастер-класс уюштурду. Ал катышуучуларга жасалма интеллектти сабактарда пайдаланууну көрсөтүп берди.

Ал эми №1 клиникалык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Нургүл Оморова "Медициналык окуу жайларда бейтаптарды окутуунун стандартташтырылган ыкмасы” аттуу жаңы ыкма менен бөлүштү.

Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар  институтунун окутуучусу Айтолкун Абдивоситова болсо интерактивдүү баалоо ыкмаларын колдонуу жолдорун көрсөттү. 

Нуркасым Аркабаев “ОшМУнун заманбап лектору – 2024”, Нургүл Оморова менен Айтолкун Абдивоситова   “Педагогикалык дебют - 2024” сынактарынын жеңүүчүлөрү. 

Семинар 14-15-октябрь күндөрү окуу жайда өттү. Аны окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү уюштурган.

 

Фото галерея