Астана: ОшМУнун делегациясы билим берүү, инновациялар боюнча эл аралык конференцияларга катышты

Башкы Жаңылыктар

Астана: ОшМУнун делегациясы билим берүү, инновациялар боюнча эл аралык конференцияларга катышты

Image

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров жана Кесиптик кошундун төрагасы Абсамат Саттаров 13-18-октябрь күндөрү Астана шаарында өткөн эл аралык конференцияларга катышты.

Алгач делегация 14-15-октябрда "Келечектин медицинасы– илим, билим берүү жана практиканын айкалышы" аталышындагы илимий-практикалык иш-чарада болду. Конференция Астана медициналык университетинин 60 жылдык мааракесине карата уюштурулган. 

Ал эми 17-18-октябрь күндөрү (CONNECTED 2024: REIMAGINING THE FUTURE (Байланыш 2024: Келечекти кайрадан элестетүү) конференциясына катышты. Ага 20дан ашуун өлкөдөн 1500гө жакын делегат барган. Анда бүгүнкү күндө дүйнөдө адамзаттын баалуулуктары, инновациялар, кызматташтыгын жана келечек муундун билим алышынын маанилүүлүгү талкууланган. Мындан тышкары делегация Лев Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер менен жолукту. Ошондой эле ОшМУнун филиалы катары ачылган “Кыргыз тили жана маданияты” борборунун директору Айсулуу Тотобаева менен да пикир алышты.


 

Фото галерея