Кайрымдуулук: студенттер муктаж жарандарга каржылык  жардам көрсөтүштү

Башкы Жаңылыктар

Кайрымдуулук: студенттер муктаж жарандарга каржылык  жардам көрсөтүштү

Image

Индустриалдык-педагогикалык колледждин студенттери «Жакшы ниет менен даярдалган тамак» аталышында кайрымдуулук  жарманкесин уюштурду. Алар өздөрү даярдаган тамак-ашты жана колдо жасалган буюм-тайымдарды сатыкка коюшту.

Андан 15 миң сом топтолгон. Ал каражатка Ош шаарындагы муктаж жарандарга жылуу кийимдер сатылып алынып берилди. Бул иш-чара студенттерди боорукердикке, кайрымдуулукка үгүтөө максатында өттү.

Жарманке "Социалдык иштер: Камкордукка толгон жумалык" акциясынын алкагында уюштурулду. Аны социалдык иштер жана аскерге чейинки даярдык циклынын окутуучулары 19-октябрь — Социалдык кызматкерлер күнүнө карата демилгелеген.

 

 

Фото галерея