"Enactus Кыргызстан" аткаруучу директору Алтынай Жумабекова 23-октябрда Ош мамлекеттик университетинде болуп, ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугушту. Анда уюм менен окуу жай эки тараптуу кызматташуу келишимин жаңылады. Келишим жаңы окуу жылындагы эки тараптуу кызматташуу багыттарын камтыйт.
Жолугушууда тараптар алдыдагы кызматташуулар боюнча сүйлөштү. "Enactus Кыргызстан" өкүлдөрү ОшМУнун Enactus командасы алардын инновациялык долбоорлоруна активдүү катышарын айтты. Команданын бизнес идеялары жана долбоорлору ийгиликтүү ишке ашып, коомго пайдалуу болуп жатканы белгиленди. Мындан сырткары уюмдун 30 жылдыгын 2025-жылы майда Ош шаарында өткөрүү пландалып жатканы белгилүү болду. Университет бул иш чарага өнөктөш катары колдоо көрсөтөт.
ОшМУнун "Enactus" командасы Фергана өрөөнүнүн чемпиону. Эки жолу Кыргызстандын улуттук чемпиону жана вице-чемпиону болгон. Топтогулар Пекин жана Торонто шаарларында өткөн дүйнөлүк кубокто Кыргызстандын намысын коргогон.
Команда 1998-жылдан бери ийгиликтүү иштеп, жыл сайын жаңы студенттер менен курамын толуктап турат. Бул аралыкта командадан миңге жакын бүтүрүүчүлөр чыгып, жүздөн ашуун бизнес, социалдык жана экологиялык долбоорлор ишке ашкан.