Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин брбордук комитетинин төрагасы Мусабай Примкулов жана ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаров профессордук-окутуучулук курамды, жалпы кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Иш чара 22-октябрда социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата уюштурулду. Анда сегиз окутуучуга билим жана илим профсоюзунун “Мыктысы төш белгиси”, алтооно Ардак грамота жана 35 кызматкерге Ош облусунун жана ОшМУнун кесиптик бирлигинин Ардак грамоталары тапшырылды.