23-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Коопсуз миграция” аттуу иш-чара өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин эскперттери, студенттер катышты.
Иш-чарада миграция, адам сатуу талкууланып, миграциялык процесстердин тобокелдиктери, чет өлкөлөрдөгү жумуш жөнүндө ишенимдүү маалыматты кайдан жана кантип алуу боюнча маалымат берилди. Мындан тышкары жалдоо жагынан иш жүргүзгөн агенттиктердин ишмердүүлүгү, эмгек мигранттарынын көйгөйлүү маселелери да талкууланды.
Иш-чара суроо-жооп иретинде уланды. Миграция, адам сатуу маселелери боюнча студенттерди кызыктырган суроолорго эксперттер тиешелүү жоопторун беришти. Ошондой эле музыкалык программа менен коштолду.