ОшМУда ЖОЖдордун финансылык моделин иштеп чыгуу талкууланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда ЖОЖдордун финансылык моделин иштеп чыгуу талкууланды

Image

Бүгүн, 29-октябрда Ош мамлекеттик университетинде өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын финансылык моделин иштеп чыгуу боюнча семинар уюштурулду. 

Ага университеттердин финансы менеджерлери, башкы эсепчилери, пландоо бөлүмүнүн башчылары катышууда. 

Былтыркы окуу жылдан тартып өлкөдөгү бир топ жогорку окуу жайлар, анын ичинде ОшМУда автономиялуу финансылык модел ишке ашкан. Анын алкагында стартап жана бизнес долбоорлор аркылуу каражат табууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бул «ЖОЖдорунун финансылык автономиясын өнүктүрүү» (DEFA) долбоору менен ишке ашууда. 

Иш-чаранын алкагында Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана ОшМунун профессорлору Назгул Курманова менен Роман Калматов Кыргызстандын ЖОЖдоруна финансылык автономия моделин киргизүүнүн механизмдери менен тааныштырды. Алар бул концепцияларды институттук деңгээлде колдонуунун практикалык жолун сунушташты.

Долбоордун курамында 13 университет бар. Анын ону Кыргызстандан, эки университет Италиядан, ал эми бирөө Германиядан тартылган. 

DEFA долбоору Евробиримдиктин Эразмус+долбоорунун алкагында 2022-жылы декабрда ишке кирген. 
Финансылык автономия моделин иштеп чыгуу долбоорунун алкагында Кыргызстанда 2030-жылга чейин билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча концепция даярдалган.

Фото галерея