Конок лекция: Кыргызстандын бүгүнкү күндөгү тышкы саясаты жана дүйнөлүк саясаттагы орду талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Конок лекция: Кыргызстандын бүгүнкү күндөгү тышкы саясаты жана дүйнөлүк саясаттагы орду талкууланды

Image

Бүгүн, 30-октябрда ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун студенттери жана окутуучулары үчүн конок лекция өткөрүлдү. Анда өлкөнүн бүгүнкү күндөгү тышкы саясаты жана дүйнөлүк саясаттагы орду боюнча маалыматтар берилди.

Конок лекцияны Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, белгилүү дипломат жана профессор Аликбек Жекшенкулов өтүп берди.

Мындан сырткары ал ректор Кудайберди Кожобековдун кабыл алуусунда болду. Окуу жай башчысы бүгүнкү күндөгү өнүгүү жана келечек пландар менен тааныштырды. Аны менен катар эле илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, конок лекцияларды өткөрүүдө кызматташууга кызыктар экендигин билдирди.

Иш-чара Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата уюштурулган. Аны Чыгыш таануу институту демилгелеген.

Фото галерея