Мунарбек Сейитбек уулу жана машыктыруучулары ОшМУда болду

Башкы Жаңылыктар

Мунарбек Сейитбек уулу жана машыктыруучулары ОшМУда болду

Image

ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү, Париж Олимпиадасында күмүш медаль тагынган Мунарбек Сейитбек уулу жана анын машыктыруучулары Беганас Султанбаев, Турдалы Оморов 30-октябрда окуу жайдын жалпы жамааты менен жолукту. Ага ректор Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат, студенттер катышты.

Жолугушуу Мунарбек Сейитбек уулуна арналып даярдалган видео тасма менен башталды. Мындан тышкары спорттун түрлөрүнөн көркөм аткаруу чеберчилиги көрсөтүлүп, сүрөт көргөзмө уюштурулду. 

Кудайберди Кожобеков учурда окуу жайда спорттун бардык түрүн өнүктөрүүгө алгылыктуу иштер жүрүп жатканын айтты. Ал ошондой эле ОшМУ сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанарын, алардын ийгиликтери кийинки жаш муунга дайыма үлгү болорун кошумчалады. 

Жолугушууда студенттер Мунарбек Сейитбек уулуна спорттогу ийгиликтери, алдыдагы пландары, жеке жашоосу боюнча суроолорду беришти. Мушкер жашоосунда ОшМУнун орду чоң экенин белгиледи. Ошондой эле 2028-жылы өтчү Олимпиадага мыкты даярдык менен барарын кошумчалады. Машыктыруучулары да студенттерди шыктандырган пикирлерин айтышты.

Мунарбек Сейитбек уулу сегиз жашынан бокс менен машыгат. Ал ОшМУнун дене тарбия факультетин аяктап, кийин магистратураны да бүтүргөн. 2017-жылдан бери Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү. Спорттун бул түрү боюнча эл аралык даражадагы чебер. 

Учурда ОшМУнун клубунда спорттун 17 түрү боюнча 23 секция, алты кесиптик спорт клубдар бар. Спорттун бардык түрлөрү боюнча шарттар түзүлгөн.

 

Фото галерея