Ташкент шаарында өткөн кикбоксинг боюнча эларалык чемпионатта ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинин студенти Сумая Калыева жеңүүчү болду.
Ал 54 килограмм салмакта күч сынашкан. Финалдык баскычта өзбекстандык спортчу менен беттешип, 12:7 эсебинде утуп алган.
Мелдеш 25-28-октябрь күндөрү өттү. Ага Кыргызстандын, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан спортчулары катышты.
Сумая Калыева кикбоксинг менен эки жылдан бери алектенип келет. Ал өз салмагындагылар арасында Кыргызстандын эки жолку чемпиону, спорт чеберине талапкер. Учурда колледжде котормочу адистигин өздөштүрүүдө.