ОшМУнун стартаперлери продукцияларын "Maker Fest" көргөзмөсүнө алып чыгышты 

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун стартаперлери продукцияларын "Maker Fest" көргөзмөсүнө алып чыгышты 

Image

Ош мамлекеттик университетинин бизнес паркынын стартаперлери "Maker Fest" көргөзмөсүнө катышты. Иш-чара бүгүн, 6-ноябрда Ош улуттук драма театрында өттү. Анда Бизнес парктын ийгиликтүү ишке ашып жаткан стартап долбоолорунун ээлери өздөрүнүн продукцияларын сунушташты. Алар - “ZURA” этникалык кийимдер,  Chopо & Ceramik,  Zhygach style, Edelveys knit, Smart barrier, Cleaning kiki Osh, Эйфория сулуулук салону жана ReTire.

"Maker Fest" жарманкесине компаниялар, эксперттер жана бизнеске умтулган ишкерлерди чогулган. Иш чара аларга идея алмашуу, өнүмдөрдү көрсөтүү жана кызматташуу үчүн өнөктөштөрдү табуу үчүн аянтча болуп берет.

Жарманкеде коноктор технология, экология, саламаттыкты сактоо, энергетика жана башка тармактардагы акыркы жетишкендиктер менен таанышты. Андан сырткары бүгүнкү күндөгү рыноктун жаңы лидерлери жана стартап долбоорлор боюнча маалымат алышты. Ага улай эле ОшМУнун Бизнес паркында  ишкердикке кызыккан жана ушул багытта жүргөндөр үчүн мастер класс жана тренинг болду. Анда салыктык милдеттенмелерди аткаруу, интеллектуалдык менчикти каттоо жана укуктук коргоо, финансылык сабаттуулук, бизнес инвестицияларын тартуу, кийим тигүү бизнесин баштоо боюнча тажрыйбалар көрсөтүлдү. 

Фото галерея