Руслан Арапбаев Кытайдагы эл аралык конференцияда ОшМУнун робототехника борбору тууралуу айтып берди 

Башкы Жаңылыктар

Руслан Арапбаев Кытайдагы эл аралык конференцияда ОшМУнун робототехника борбору тууралуу айтып берди 

Image

 

ОшМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Русланбек Арапбаев менен Кытай тили жана кытай тануу кафедрасынын башчысы Марат Абдыкулов эл аралык билим берүү боюнча жылдык конференциясы жана көргөзмөсүнө (CACIE) катышты. Иш чара 31-октябрь жана 1-ноябрь күндөрү Кытайда өттү.

Конференцияга 60тан ашуун өлкөдөн беш миңге жакын эксперттер, мамлекеттик кызматкерлер жана компаниялардын жетекчилери чакырылган. Анда инклюзивдүү, инновациялык жана келечекке багытталган билим берүү системасын түзүү аркылуу коомдук реформаларды жана глобалдык технологиялык инновацияларда лидерликти колдоо боюнча сөз болду.

Руслан Арапбаев «Робототехника+» интеграциялык өндүрүш-билим берүү коомчулугунун жогорку сапаттагы өнүгүүсү» секциясында баяндама жасаган. Анда жаңы  муундагы робототехника жана жасалма интеллект борборун түзүү аркылуу чет элдик таланттарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү тууралуу сөз болгон.

Баяндамада Арапбаев Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы кызматташтыкты жана адистерди даярдоодо ОшМУ жана Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен биргеликте ачылган «Келечек муундун ХАБы» борбору тууралуу айтып берген. Ал бул багыттагы адистерди даярдоону күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Конференциядан кийин Руслан Арапбаев бир катар окуу жайларга, анын ичинде Джямусин профессионалдык-техникалык институтуна жана Синьцзян кесиптик университетине иш сапары менен барган. Жетекчилиги менен жолугуп, эл аралык кызматташуу маселелерин талкуулады.

Кытайдын эл аралык билим берүү боюнча жылдык конференциясы жана көргөзмөсү өлкөнүн билим берүү жаатындагы эл аралык алмашуу ассоциациясынын (CEAIE) чакыруусу менен уюштурулду.

Фото галерея