ОшМУнун окутуучусу Эмил Сагынбаев эл аралык сынакта жеңишке жетти

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучусу Эмил Сагынбаев эл аралык сынакта жеңишке жетти

Image

Педагогика, искусство жана журналистика институтунун жалпы психология кафедрасынын окутуучусу, Жаш окумуштуулар кеңешинин төрагасы Эмил Сагынбаев "Педагогикалык башат" V эл аралык сынагында 3-орунду ээледи.

Иш чара 7-9-ноябрда Москвадагы Ломоносов атындагы педагогикалык университетте КМШ мамлекеттеринин үзгүлтүксүз педагогикалык билим берүү системасынын жаш окутуучулары арасында өткөн. Ага жүздөн ашуун адис ат салышып, 25и финалдык турга жолдомо алган. 

Сынакта Эмил Сагынбаев кесиптештери үчүн мастер-класс өткөргөн. Мындан сырткары панелдик талкууда “Заманбап үй-бүлөнүн жана мектептин баланын тарбиясына тийгизген таасири” деген темада спикер катары чыгып сүйлөгөн.  

 

Фото галерея