ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасынын доценти Динара Абжапарова эл аралык конференцияда геодезия, картография, ГИС жана жерди аралыктан зонддоо боюнча тажрыйба бөлүштү.
«Data+ International» компаниясы менен биргеликте «Цифрдык чындык: картография, ГИС жана аралыктан зонддоодогу жаңы чакырыктар» деп аталган иш чара 7-8-ноябрда Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде өттү.
Илимий-практикалык конференция картография, географиялык маалымат системалары жана жерди аралыктан зонддоо тармагындагы учурдагы маселелерди, тенденциялар, инновацияларды талкуулоо максатында уюштурулган. Ошондой эле адистердин ортосунда билим жана тажрыйба алмашууну көздөйт.