11-ноябрда ОшМУда студенттерге ENACTUS DAY иш чарасы уюштурулду. Мында катышуучуларга команданын курамына кошулуу, анын ишмердүүлүгү, долбоорлор боюнча маалымат берилди.
Андан сырткары команданын бүтүрүүчүлөрү, “Ош Трипс” компаниясынын негиздөөчүсү Ильяс Ахмадов жана жаштар менен иштөө боюнча эксперт Медер Абдыманапов конок катары чакырылды. Алар жеке ишкердик, жаштардын коомдоогу орду, долбоорлор боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.
Учурда ОшМУнун ENACTUS командасынын курамын жаңылоо үчүн кабыл алууда жүрүүдө. Курам Борбор Азиянын, эки ирет Кыргызстандын улуттук чемпиону жана жети жолу вице-чемпион болгон. Команда Пекин, Торонто шаарларында өткөн дүйнөлүк кубокто өлкө намысын коргогон.
ОшМУнун ENACTUS командасы 26 жылдан бери ийгиликтүү иштейт. Бул аралыкта топто миңден ашуун жаш активисттер тарбияланды. Ошондой эле жүзгө жакын бизнес долбоорлор иштелип чыккан. Ал эми команда жыл сайын жаңы студенттер менен курамын толуктап келет.