ОшМУда мугалимдер жана илим күнү белгиленди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда мугалимдер жана илим күнү белгиленди

Image

 

ОшМУнун жамааты 26-ноябрда Илим жана мугалимдер күнүн белгиледи. Салтанатты ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков ачып, ардактуу кесип ээлерин куттуктады. Ошондой эле окуу жайдын жетишкендиктери, аткарылып жаткан иштери, алдыга койгон бийик максаттары боюнча маалымат берди.

Жамаатты ОшМУнун QS World University Rankings  рейтингинде Азиядагы эң мыкты 984 окуу жайдын ичинен 260-орунду ээлеп, Орто Азия боюнча 65 ЖОЖдун ичинен 13-орунду алганы менен куттуктады.
Кожобеков университеттин тарыхында бул эң мыкты жыйынтык болгонун айтып, алдыда дүйнөлүк рейтингге кирүү чогуу аракет жасоо керектигин белгиледи. 

Сыйлоо аземинде ректор алгачкы сыйлыкты “Жылдын мыкты мугалими” сынагында баш байгени жеңген “Билим” лицейинин математика мугалими Назгүл Каныбековага ыйгарды. Ага ОшМУнун атынан 200 миң сом сертификат тапшырылды.

Ал эми университетте үзүрлүү эмгектенип жаткан профессордук-окутуучулук курамдын бир тобуна Билим берүү жана илим министрлигинин "Билим берүүнүн мыктысы", “Илимдин мыктысы” төш белгилери, Ардак грамотасы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн Ардак грамоталары жана окуу жайдын өзүнүн “ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери” төш белгиси, Ардак грамота, акчалай сыйлык тапшырылды. Мындан тышкары алкыш жарыяланды.

Илим күнүнө карата министрликтин жаш изилдөөчүлөр жана окумуштуулар арасында жарыялаган сынагына катышкан төрт окумуштуу белгиленди. Алар “Жылдын эң мыкты илимий макаласы” номинациясы боюнча экинчи орунду ээлеген жана “Жылдын мыкты жаш окумуштуусу” аталган. Билим берүү министрлиги жеңүүчүлөргө диплом ыйгарган. 

Илимий эмгектери квартили жогору (Q1, Q2, Q3) болгон дүйнөлүк алдыңкы абройлуу илимий басылмалардан жарык көргөн 21 макаланын 34 автору 15 миң сомдон 50 миң сомго чейин сыйланышты.

Кандидаттык жана докторлук диссертацияларын ийгиликтүү коргогон илимдин алты докторуна  100 миң сомдон, 26 кандидаттык ишин коргогон илим кандидаттарына 50 миң сомдон ыйгарылды.

Илим күнүнө карата өткөрүлгөн “Мыкты окуу жана илимий эмгек” сынагында 1-2-3-орун алган 11 жеңүүчүгө сертификат жана акчалай сыйлык берилди. Андан сырткары XI аймактык студенттердин олимпиадасында биринчи орунга ээ болгон 24 студенке жана алардын 19 жооптуу окутуучусуна акчалай сыйлык тапшырылды.

Окуу жылы ичинде республикалык жана эл аралык предметтик олимпиададан 1-2-3-орунга ээ болгон жеңүүчүлөрү да белгиленди. Ошондой эле иш-чарада “ОшМУнун заманбап лектору”, “Заманбап окутуучусу”, “Заманбап жаш окутуучусу”, “Заманбап СӨАИ чебери” жана “Педагогикалык дебют”  сынактарынын жеңүүчүлөрү да  диплом жана акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Фото галерея