Кыргыз-кытай факультетинин окутуучусу Зияулхак Мухтар уулу “Кытай тилин окутуу” боюнча эл аралык сынакта үчүнчү орунду алды. Мелдеш 28-29-ноябрда Тажикстандын Тажик улуттук университетинин Конфуций институтунда болгон.
Ага орто Азиядагы Конфуций институттарында эмгектенген кытай тилчи окутуучулар катышты. Мелдештин финалдык баскычына Кыргызстандан үч адис жолдомо алган.
Сынакты Кытайдын Конфуций институтунун “Кытай тилин окутуу жана кызматташуу” уюму уюштурган.