ОшМУнун доценти Фергана университетинде үч күндүк мастер-класстарды өтүп берди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун доценти Фергана университетинде үч күндүк мастер-класстарды өтүп берди

Image

 

ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунун доценти Майрамбу Шукуралиева 28-29-30- ноябрда Фергана мамлекеттик университетинин педагогика, психология жана музыкалык билим берүү факультетинин чакыруусу менен иш сапарда болуп келди. Аны менен бирге академиялык мобилдүүлүккө вокал классында окуган 4-курстун студенттери Нурислам Кулматов жана Элдос Анашев да барды. Алар мастер-класстарга, окутуучулардын сабактарына катышты.  

Майрамбу Шукуралиева факультеттин студенттерине конок лекция, вокалдык ырдоо боюнча мастер-класс жана жеке сабактарды өтүп берген.

Буга чейин Педагогика, искусство жана журналистика институтунун музыкалык тарбиялоонүн усулу, теориясы жана хорду дирижерлоо кафедрасынын башчысы Ажимамат Боронбаев, доценттер Майрамбу Шукуралиева, Айнура Нурбаева Фергана мамлекеттик университетиндеги илимий - практикалык конференцияга катышкан. Алар педагогика, психология жана музыкалык билим берүү факультетине конок лекцияларды окуган.

Фото галерея