Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын доценти Гүлжан Койчуманова «Ахмет Байтурсынулы окуулары» алкагындагы эл аралык илимий-теориялык конференцияда баяндама жасады. Баяндамада кыргыз поэзиясындагы улуттук идеология жана инсан дүйнөсү боюнча маалыматтар камтылган.
Иш-чара 6-декабрда Казакстандын Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде уюштурулуп, академиктер Абдулали Кайдар, Рабига Сыздык жана Шора Сарыбаевдин 100 жылдыгына арналды. Анда улуттук адабият, тил жана маданият жаатындагы изилдөөлөрдүн актуалдуу маселелери талкууланган. Катышуучулар арасында илимий пикир алмашуу жүрдү.
Конференция ар кайсы элдердин илимпоздорунун ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана тил менен адабияттын келечектеги өнүгүү багыттарын аныктоого багытталган.