Бүгүн, 11-декабрда Ош мамлекеттик университети менен швейцариялык “Хельветас” уюму кызматташтыкты чыңдоо максатында жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүү окуу жайда уюштурулуп, ага уюмдун өкүлдөрү, университеттин санариптик трансформациялоо жана электрондук билим берүү боюнча проректору Уларбек Молдояров, Бизнес-парктын директору Эрлан Камалов катышты.
Жолугушууда студенттер менен окутуучулардын потенциалын жогорулатуу багытындагы долбоорлорду талкуулашты. Анын алкагында тренинг, семинарларды жана квалификацияны жогорулатуу боюнча биргелешкен илимий изилдөөлөрдү ишке ашыруунуну сүйлөштү.
Долбоор аймактардагы жаштардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана эмгек рыногунун заманбап талаптарына жооп бере турган жаңы адистерди даярдоого өбөлгө түзөт. Ошондой эле Кыргызстандагы билим берүү жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт.
“Хельветас” уюму жаштарды кесиптик жөндөмдөрдү өркүндөтүү боюнча ар кандай программалар менен камсыздап келет