ОшМУда кыргыз аялдарын даңктаган кече өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда кыргыз аялдарын даңктаган кече өттү

Image

Индустриалдык-педагогикалык колледжде “Кыргыздын кыраан аялдары кыргыз адабият айдыңында” аталышында  кече уюштурулду. 

Адабий-музыкалык кечеде окутуучулар жана студенттер кыргыз адабиятындагы мыкты аялдардын образдарын сахналык көрүнүш аркылуу көрүүчүлөргө тартуулашты. 

Иш чаранын максаты — көрүүчүлөргө көркөм өнөр аркылуу кыргыз адабиятынын байлыгын жана аялдардын коомдогу ордун даңазалоо. Кыргыз адабиятынын улуу мурастарын даңазалап, жаштар арасында мекенчилдикти, улуттук маданиятка болгон сый-урматты күчөтүүгө багытталган.

Кечеде мыкты сахналык көрүнүштөрдү аткаргандарга “Ыраазчылык” каттар берилди. Ошондой эле колледжде кыргыз тилининен сабак берген беш окутуучуга Ош шаардык кеңешинин депутаты Гулмира Бекташова акчалай сыйлыктарды тапшырды. 

 

Фото галерея