ОшМУда эмгектенген “Баатыр Энелер” сыйланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда эмгектенген “Баатыр Энелер” сыйланды

Image

Ош мамлекеттик университетинде  учурда  алты  “Баатыр Эне” эмгектенет. Бизнес жана менеджмент факультетинин методисти Гүлгаакы Сагымбаева  3-уул , 4-кыздын, Медицина факультетинин китепканачысы Аналбү Асанава  7-кыз, 1-уулдун, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин улук окутуучу Бактыгүл Забаева  7 кыздын, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин окутуучусу Жыпара Тажибаева  6 – кыз, 1- уулдун, Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин окутуучусу Зайна Бубаева  6 уул, 1 кыздын, Юридика факультетинин окутуучусу Асель Акматбекова  6 кыз, 1 уулдун энеси. “Баатыр Энелердин” эн улуусу 62 жашта, ал эми эң кичүүсү 38 жашта.

Агартуу тармагында үзүрлүү эмгектенүү менен үй-бүлөдө уул-кыздарды татыктуу тарбиялап келе жаткан энелерди ректор Кудайберди Кожобеков, окуу жайдын кесиптик кошуунунун төрагасы Абсамат Саттаров  Энелер күнү менен куттуктады.

  Ар бир жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинде республика аймагында Энелер күнү белгиленип келет.

 

 

 

 

Фото галерея