Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту кандай кесиптерге даярдайт?

Башкы Жаңылыктар

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту кандай кесиптерге даярдайт?

Image

Урматтуу абитуриенттер! Жаратылышты сүйүп, спорт менен ден соолукту чыңдап, туризм жана агрардык технологиялар багытында кесиптик билим алууну каалайсызбы? Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту кыялдарды орундатат.

Институт:

▪️ Биология, химия, экология, агрономия, ветеринария, тамак-аш технологиясы, дене тарбия жана спорт, туризм адистиктери боюнча билим берет

▪️ Заманбап лабораториялар жана спорт залдар менен жабдылган материалдык-техникалык база

▪️ Квалификациялуу профессордук-окутуучулук курам

▪️ Илимий долбоорлор жана практикалык көндүмдөрдү тереңдетүү мүмкүнчүлүгү

▪️ Академиялык мобилдүүлүк аркылуу Түркия, Орусия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдө билим алуу мүмкүнчүлүгү

▪️ Кош дипломдуу билим берүү программалары бар.

 

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту кандай багыттарда билим берет:

Жогорку кесиптик билим берүүчү багыттар/бакалавр

  • Табигый-илимий билим берүү: Биология; Химия; География
  • Биология (профили: Биология жана лабораториялык иш)
  • География кошумча экология
  • Химия (профили: химиялык-экологиялык, криминалистикалык экспертиза)
  • Туризм: Эл аралык туризм (Кош дипломдуу программа, Орусия)
  • Агрономия (карантиндик өсүмдүктөрдү коргоо)
  • Ветеринария (Кош дипломдуу программа, Өзбекстан)
  • Зооинженерия жана мал чарба продуктыларын кайра иштетүүнүн технологиясы
  • Токой чарбасы жана ландшафттык архитектура
  • Колдонмо геодезия
  • Дене тарбия жана спорт

 

Магистратура

 

ОшМУ жөнүндө жана абитуриенттерди кабыл алуу боюнча маалыматтарды төмөндөгү байланыш номери аркылуу сурап, биле аласыз:

Негизги телеграм канал: https://t.me/oshstateuni

Абитуриенттер үчүн телеграмм каналhttps://t.me/+nq6oWE6vphNkM2Uy

Инстаграм баракчабыз: @oshsu.kg

Call-центр байланыш кызматы (996) 770111110

Сайт: www.oshsu.kg

Е-mail: priem@oshsu.kg

Факс: 0(3222)70915

Телефон:  0(3222)70818

Биздин дарек: Ленин көчөсү 331, ОшМУнун башкы корпусу,

Кабыл алуу комиссиясы 137-каана

 

 

Фото галерея