Латвиядагы Mobile Monters компаниясында эмгектенген Нурболот студенттер менен баарлашты

Башкы Жаңылыктар

Латвиядагы Mobile Monters компаниясында эмгектенген Нурболот студенттер менен баарлашты

Image

ОшМУнун математика жана  информациялык технологиялар факультетинин  бүтүрүүчүсү Жапаров Нурболот факультеттин студенттери менен жолукту.

Ал колдонмо информатика адистигин 2018-жылы бүтүргөн. Учурда Ошто жашап, Латвиядагы Mobile Monters компаниясында   эмгектенет. Өзүнүн кесибине ылайыктуу  жумушту интернет аркылуу тапкан.

Жолугушууда студенттерге мекенди таштабай, ата-эненин жанында туруп, чет өлкөдө иштөө бүгүнкү күндүн талабы экендигин айтып, өзүнүн ишмердүүлүгүндөгү жаңылыктар менен бөлүштү.

Иш-чара колдонмо математика жана информатика, графикалык дизайн кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Фото галерея