Билим берүү тармагындагы өнөктөштүктү күчөтүү максатында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем ОшМУга келди. Ал ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, билим берүү жана илимий чөйрөдөгү кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулады.
Бүгүнкү күндө ОшМУ Түркиянын 25 университети менен тыгыз иштешет. Бул алакалардын алкагында окуу жайда Кыргыз–Түрк бөлүмү ачылып, журналистика, IT технология жана башка тармактар боюнча билим берилип жатат. Элчинин айтымында, эми бул багыттагы адистиктер заман талабына жараша жаңыртылып, дагы да өнүктүрүлөт.
«Биздин билим берүү жаатындагы кызматташтык жыл сайын өнүгүүдө. ОшМУнун ректору мыкты жетекчи. Ал окуу жайды заманбап билим берүү борборуна айландыруу үчүн көп эмгек кылууда. Медицинада да өлкө үчүн чоң жетишкендик болду — клиникада биринчи жолу ийгиликтүү бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Биз бул тажрыйбаны кеңейтүү жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү пландап жатабыз»,-деди элчи.
Тараптар мындан ары да биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, академиялык байланыштарды кеңейтүүгө кызыктар экенин белгилешти. Бүгүнкү күндө ОшМУнун Теология факультетинин студенттери Түркиядагы Токат университетинде жана Томер тил борборунда окуп жатышат.