Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинде «Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим» август педагогикалык форуму өтүп жатат. Иш-чараны Агартуу министрлиги уюштурууда. Форум эртең, 19-августта аяктайт.
Педагогикалык форум 400дөн ашуун катышуучунун – президенттик администрация жана Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнөн тартып бала бакчалардын, мектептердин, кесиптик лицейлердин, жогорку окуу жайлардын жетекчилерин, өнөктөш уюмдардын башын бириктирүүдө.
Коноктордун арасында Азия өнүктүрүү банкы, ЮНИСЕФ, Дүйнөлүк банк жана Ага-Хан фонду сыяктуу эл аралык уюмдар да бар.
Иш-чарада ноутбуктарды тапшыруу аземи болуп, STEM/STEAM инновацияларынын жана долбоорлорунун көргөзмөсү, санариптик платформаларды, инклюзивдик тажрыйбалар көрсөтүлдү. Панелдик талкууларда 12 жылдык билим берүүгө өтүү, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү, жаңы окуу китептерин чыгаруу, кошумча билим берүүнүн ролу жана кесиптик лицейлерди жаңылоо сыяктуу маанилүү темалар талкууланууда.
Күндүн экинчи бөлүгүндөгү секциялардагы жолугушууларда педагогдор, практиктер, билим берүү жаатындагы эксперттер жана жетекчилер тажрыйба алмашып, курч маселелерди чечүү жолдорун издешет.
Жаңы ыкмалар иш жүзүндө кантип киргизилип жатканын көрсөтүү үчүн Ош шаарындагы билим берүү уюмдарына экскурсиялар да уюштурулат.
Форум билим берүүнү өнүктүрүүдөгү андан аркы кадамдар үчүн багыт боло турган резолюцияны кабыл алуу менен жыйынтыкталат.