Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри август педагогикалык форумуна катышты

Башкы Жаңылыктар

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри август педагогикалык форумуна катышты

Image

Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов Ош мамлекеттик университетинин базасында өтүп жаткан «Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим» август педагогикалык форумунда болду.  

Ал STEM/STEAM долбоорлору, санариптик платформалар, педагогикалык инновациялар, ошондой эле инклюзивдик билим берүүнүн ийгиликтүү тажрыйбалары көрсөтүлгөн көргөзмө менен таанышты. Форумдун пленардык жыйынынд 12 жылдык билим берүүгө өтүү, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү, жаңы окуу китептерин чыгаруу, кошумча билим берүүнүн ролу жана кесиптик лицейлерди жаңылоо багытындагы талкууларга катышты.

Форум эртең да уланат. Эки күндүн ичинде катышуучуларды панелдик талкуулар, секциялык отурумдар жана Оштогу мектептерге, бала бакчаларга, лицейлерге практикалык экскурсиялар күтөт.

Министр бүгүн, 18-августта Ош технологиялык университетинде жана Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде болду. Эртен, 19-августта Оштогу жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары менен таанышат.  

Фото галерея