1-сентябрь — Билим күнү Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) бардык түзүмдөрүндө белгиленип, факультеттерде, колледждерде, лицейлерде жана гимназияларда салтанаттуу жыйындар уюштурулду. Ар бир билим берүү мекемесине ректораттан өкүлдөр катышып, жамаатка ректор Кудайберди Кожобековдун билим күнүнө арналган куттуктоосу жана каалоо-тилектери жеткирилди.
Кайрылууда билим берүү сапатын жогорулатуу, заманбап окуу шарттарын түзүү жана ар тараптан өнүккөн, ата мекенге кызмат кылган адистерди даярдоо университеттин башкы максаты экенин баса белгиледи.
Учурда бардык түзүмдөрдө 2025–2026-окуу жылы расмий түрдө башталып, билим берүү процесси жүрүп жатат.
ОшМУда 8 институт, 4 факультет, 1 жогорку билим берүү мектеби, 1 дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борбору, 8 орто кесиптик билим берүүчү колледжи, 4 мектеп-гимназия, 2 медициналык клиника, 1 башталгыч билим берүү борбору жана бир бала бакча бар.