ОшМУ менен Наманган мамлекеттик университети кызматташууну жаңылайт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен Наманган мамлекеттик университети кызматташууну жаңылайт

Image

 

8-сентябрда Наманган мамлекеттик университетинин ректору Абдугаффар Кыргызбаев иш сапары менен Ош мамлекеттик университетине келди.

Жолугушууда археология, чет тилдер, айыл чарба жана ветеринария тармактарында биргелешкен билим берүү программаларын өнүктүрүү, кош дипломдуулук мүмкүнчүлүктөрүн түзүү маселелери талкууланды. Ошондой эле студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр болду. 

Эки университет бир топ жылдан бери билим берүү, илим изилдөө, эл аралык байланыштар, академиялык мобилдүүлүк багыттарында кызматташып келет.

Фото галерея