"Жылан эне" романынын бет ачары өттү

Башкы Жаңылыктар

"Жылан эне" романынын бет ачары өттү

Image

КРдин Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Жыргал Сулаймановдун "Жылан эне" аттуу романынын бет ачары ОшМУда өттү.

Кечеге чыгармачыл инсандар, окурмандар, студенттер катышты.

 «Жылан эне» романында бир канча каармандардын образы аркылуу турмуштук окуялар, жамандык менен жакшылыктын карама-каршылыгы ачып берилгендигин жазуучу айтып өттү. Чыгармадан сахналык көрүнүштөр көрсөтүлүп, видеоролик тартууланды.

Чыгармачылык кече ОшМУ, КРдин Улуттук жазуучулар союзунун Оштогу бөлүмү жана  “Өрнөк-Башаты” чыгармачылык борборунун колдоосу менен уюштурулду.

Жыргал Сулайманов “Дил көөнүмдө жанган от”, “Өзүңдү изде”, “Жылан эне” жыйнактарынын автору.

 

Фото галерея