Бишкек шаарындагы Борбор Азиядагы Америка университетинде (АУЦА) студенттер жана жаш ишкерлер үчүн V Startup Nation WEEK болуп өттү. Быйылкы жумалык жасалма интеллект темасына арналды.
Катышуучулар ChatGPT, Midjourney, Notion AI сыяктуу инструменттерди үйрөнүп, идеяларын MVP-долбоорлорго айлантышты. Воркшоптор, командалык иш, эл аралык менторлор менен жолугушуулар уюштурулуп, AIди бизнеске жана билимге колдонуу жолдору талкууланды.
ОшМУнун Бизнес паркынан чыккан үч команда — D-arch, Smart Kitchen жана KATANA сынакка катышкан 400дөн ашык долбоордун ичинен финалга чыгып, өз артыкчылыктарын көрсөтүштү. Accelerate Prosperity уюмунун инвестициялык директору Даниэль Абдылдаев буларды айтты.
«Бул хакатон беш жыл ичинде жаңычыл ойлорго бай, келечектүү жаш ишкерлерди тарбиялаган аянтчага айланды. Айрым командалар дүйнөлүк деңгээлдеги акселераторлорго чейин жетишти. Юбилейлик жылы дагы көп катышуучуларга инновациялык бизнеске кадам таштоого мүмкүнчүлүк берүүнү каалайбыз», –деди ал.
Жумалык 22- сентябрдан 28- сентябрга чейин созулду.