Он окутуучу мамлекттик сыйлыкка татыды

Башкы Жаңылыктар

Он окутуучу мамлекттик сыйлыкка татыды

Image

Бүгүн, 3-октябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги ОшМУнун табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун он окутуучусун Кыргыз спортуна 100 жыл мааракелик медалы менен сыйлады. 

Мааракелик сыйлыкка татыган окутуучулар бул тармакта көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, студенттерди дени сак жашоого үндөп, спорттун түрдүү багыттарын өнүктүрүүгө салым кошуп келет. Алардын арасында республикалык жана эл аралык деңгээлде мыкты спортчуларды тарбиялаган, илимий-методикалык иштери менен да өзгөчөлөнгөн педагогдор бар.

Бул жылы Кыргыз спорту өзүнүн 100 жылдык мааракесин белгилөөдө. Бир кылым аралыгында өлкөбүздүн спортчулары улуттук жана эл аралык аренада ири жетишкендиктерге жетишти. Буга байланыштуу юбилейлик жылда өлкө боюнча ар түрдүү спорттук иш-чаралар өткөрүлүп, сыйлыктар берилүүдө.

 

Фото галерея