Памуккале университетинин ректору Махмуд Гүнгөр ОшМУ менен таанышты

Башкы Жаңылыктар

Памуккале университетинин ректору Махмуд Гүнгөр ОшМУ менен таанышты

Image

Түркиядагы Памуккале университети Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) менен байланыштарды бекемдеп, кызматташуунун жаңы горизонтторун ачууга кызыктар. Бул тууралуу аталган окуу жайдын ректору Махмуд Гүнгөр бүгүн, 11-октябрда ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугушуусунда билдирди. 

Тараптар билим берүү тармагындагы өнөктөштүктү күчөтүү, академиялык байланыштарды кеңейтүү боюнча пикир алышты. Кудайберди Кожобеков ОшМУ боюнча презентация жасап маалымат берди. Андан соң Махмуд Гүнгөр баштаган делегация университеттин «Next Generation Hub» борбору, медициналык клиникасы жана Теология факультети менен таанышты. 

Махмуд Гүнгөр баштаган делегация окуу жайда өтүп жаткан Үчүнчү эл аралык Сарахси симпозиумуна катышууда. 

Бүгүнкү күндө ОшМУ Түркиянын 25 университети менен тыгыз иштешет. 

Фото галерея