Жыл сайын 29-сентябрда дүйнө жүзү боюнча Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү белгиленип келет.
Жүрөк күнүнө карата ОшМУнун башкы имаратында бүгүн, 13-октябрда акысыз медициналык кароодон өткөрүү иш-чарасы өтүп жатат. Анда окуу жайда эмгектенген окутуучулар, кызматкерлер, студенттер кан басымын текшертүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгына ылайык кеңештер берилип, көрсөтмөлөр айтылып жатат. Аталган иш-чара ОшМУнун медициналык клиникасынын дарыгерлери, дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун окутуучулары, ординторлору тарабынан уюштурулган. Аталган иш-чара 3 күн уланып, окуу жайдын башка имараттарында өткөрүлөрүн ОшМУнун медициналык клиникасынын кардиолог, рентгенэндоваскулярдык хирургу Абдуллабек Юсупов маалымдады.
Жүрөк күнү 1999-жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясынын жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун демилгеси менен өткөрүлүп келет