Дуалдык билим берүү программасы ийгиликтүү ишке ашууда

Башкы Жаңылыктар

Дуалдык билим берүү программасы ийгиликтүү ишке ашууда

Image

ОшМУнун филология жана маданият аралык коммуникация институтунун орус филологиясы бөлүмүнүн бүтүрүүчү курсунун студенттери Ош шаарындагы мектептерде  убактылуу (стажёр) мугалим катары иштеп жатышат

Алар окуучуларга орус тили жана адабияты сабактарын окутууда. Институт жана мектеп тараптан аларга тажрыйбалуу насаатчылар бекитилип, методикалык жардам жана колдоо көрсөтүлүүдө. 

Ошондой эле орус тили жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын методисттери мектеп мугалимдери менен тыгыз байланышта иштеп, студенттердин сабактарына үзгүлтүксүз катышып турушат.

Бул аракет  дуалдык окутууну практикалык деңгээлде ишке ашырууга жана келечектеги мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу үчүн  демилгеленген. Аны менен катар эле Агартуу министри Догдуркул  Кендирбаеванын «Окуу процессине дуалдык окутууну киргизүү жөнүндө» программасын ишке ашыруу максатын көздөйт. 

Дуалдык билим берүү — теория менен практиканы айкалыштыруу аркылуу студенттердин кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган заманбап ыкма. Бул ыкма жаштарды келечектеги кесиби менен жакындан тааныштырып, эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болууга өбөлгө түзөт.

Фото галерея