Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинде «Борбор Азиядагы медициналык билим берүүдө нутрициологияны интеграциялоо: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» аталышындагы эл аралык илимий жыйын башталды. Иш-чара бүгүн, 3-ноябрда башталды. Эртең жыйынтыкталат.
Конференцияда пленардык жана сессииялык жыйындар орун алат. Ошондой эле алты өлкөдөн келген окумуштуулар жана практик дарыгерлер 20га жакын баяндама жасашат. Алар тамактануунун сапаты, спорттук нутрициология, хантавирус инфекциясы, когнитивдик бузулуулар, клиникалык жана коомдук саламаттык боюнча жаңы изилдөөлөр менен бөлүшөт. Нутрициология жана диетология жаатындагы заманбап илимий жетишкендиктерди медициналык билим берүү процессине интеграциялоо маселелери талкууланат.
Ал эми Эл аралык медицина факультетинде билим алган чет өлкөлүк студенттер өздөрүнүн изилдөөлөрү менен бөлүшүп, баяндама окуйт. Жыйынтыгында мыкты илимий баяндамаларга сыйлыктар тапшырылат.
Жыйынга Erasmus+ программасынын BERNICA долбоорунун координатору Кеңеш Жусупов, Жапония, Түркия, Орусия, Австрия, Өзбекстандан келген окумуштуулар, ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Руслан Арапбаев, факультеттин деканы Роман Калматов, окутуучулар жана студенттер катышууда.
Иш-чара Erasmus+ программасынын BERNICA долбоорунун алкагында демилгеленди. Долбоор университетте заманбап технологияларды жана билим берүүдө инновацияларды колдоого багытталган. Анын негизинде Ак-Буура кампусунда «Тамак-аш лабораториясы» негизделген.