7-ноябрь — басма сөз кызматкерлеринин күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинин Маалымат жана коомчулук менен байланыш борбору медиа кызматкерлердин футболдук беттешүүсүн уюштурду.
Оюн Кара-Суу районундагы "Манас" стадионунда өттү. Ага жергиликтүү маалымат агенттиктеринин, телеканалдардын, радио жана борбордун өкүлдөрү катышты. Иш-чара кесиптештер ортосунда ынтымакты чыңдоо, сергек жашоо образын жайылтуу максатында уюштурулду.
7-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы – Маалымат жана басма сөз күнү белгиленип келет. 1924-жылы дал ушул күнү кыргыз тилиндеги туңгуч «Эркин-Тоо» гезити жарык көргөн. 1993-жылы өкмөттүн токтому менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин күнү (ЖМК) деп жарыяланган.
ОшМУнун маалымат жана коомчулук менен байланыш борборунун курамында окуу жайдын расмий сайты, “Үмүт” телестудиясы, профессордук-окутуучулук курамдын “Дидактика” гезити, студенттин “Нур” гезити жана социалдык термактардагы баракчалары кызмат көрсөтүп келет.