Эми ОшМУнун студенттери Кытайда акысыз окуп, стипендия алат

Башкы Жаңылыктар

Эми ОшМУнун студенттери Кытайда акысыз окуп, стипендия алат

Image

Кытайда иш сапары менен жүргөн Ош мамлекеттик университетинин делегациясы 7-ноябрда Нанкин технологиялык институтунда Чжен Хе институтунун башкаруу кеңешинин жыйынына катышты.  

Жыйындын алкагында эки окуу жайдын биргелешкен кызматташтыгынын жылдык отчёту угулуп, кеңеш мүчөлөрү тарабынан жактырылды. Андан сырткары келечектеги милдеттер жана сунуштар талкууланды. Кош диплом программаларында окуган студенттер Кытайга келүү үчүн талап кылынуучу документтер такталды. 

Мында студенттердин кытай тилин билүү деңгээли HSK 4 болуп бекитилди. Алар  үчүн окуу акысыз болуп, GPA жана HSK көрсөткүчтөрүнө жараша шаардык, ректордук, университеттик стипендиялар берилери чечилди. Магистратура жана PhD программаларында ОшМУдан келген студенттер үчүн да окуу акысыз болору макулдашылды. PhD докторанттарга сырткы жетекчилер үчүн НанТИнин окумуштуулары менен биргелешип иштөө сүйлөшүлдү. 

Ал эми математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институнунун директору Бектур Азимов Нанкин технологиялык институтунун чет өлкөдөгү элчиси болуп дайындалды.

 

Фото галерея