Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) он студенти «Атуулдук стипендия» алды. Аларды сыйлоо үчүн 20-ноябрда «Идея, аракет, натыйжа» аталышында иш-чара уюштурулуп, ага ректор Кудайберди Кожобеков, стипендиянын демөөрчүсү, ОшМУнун профессору Салы Каримов, «Компаньон» банкынын өкүлдөрү, ата-энелер, окутуучулар жана студенттер катышты.
«Бүгүн силер Кыргызстанда бир да аналогу жок, эң жогорку стипендия болуп саналган «Атуулдук стипендияга» ээ болуп жатасыңар. Профессор агайыбыз өмүр бою алган айлыгын жыйнап, он жылдан ашуун убакыттан бери мыкты студенттерге стипендия кылып берип келе жатат. ОшМУнун студенттеринин Нобель сыйлыгына айланган стипендиянын ээси болушуңар менен жалпы жамааттын атынан куттуктаймын. Бул силерге чек болбой, ийгиликтериңердин башаты болуш керек», —деди Кудайберди Кожобеков.
«Атуулдук стипендияга» төмөнкү студенттер ээ болду:
Иш-чарада 2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы менен президенттик стипендияга ээ болгон студенттер, ОшМУнун ТОП–20 студенти тизмесине киргендер, жыл ичинде мыкты жыйынтыкка жеткен жаштарга да сыйлыктар ыйгарылды. Ошондой эле Маданий-массалык жана тарбия иштер бөлүмү тарабынан студенттерге лотореялар ойнотулуп, баалуу белектер ыйгарылды. Лотореядан жеңишке жеткен Айканыш Асранкулова (“Атуулдук стипендият”) жана Эржан Бактыярбек уулу (Президенттик стипендиянын ээси) ОшМУнун ректору менен түштөнүү жолдонмосун утуп алышты.
Жыйында “Атуулдук стипендиянын” меценанты, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» наамынын ээси, ОшМУнун профессору Салы Каримов буларды айтты.
«Мен студенттик кезде ал мезгилдеги эң жогорку стипендияга, Сталиндик стипендияга ээ болгонмун. Аны мен үч жыл катары менен алдым. Ал убакта менин стипендиям мектеп мугалиминин эки айлык маянасына тете болчу. Ушул жетишкендик мага чоң дем берип, бир күнү өзүм да жаштарга стипендия берсем деген максат койгонмун. Эми ушуну менен гана чектелип калбай дагы башка колдоолорду ишке ашырсам деген ниеттерим бар».
«Аттуулдук стипендия» Кыргызстандагы эң абройлуу стипендиялардын бири болуп эсептелет. Стипендия өз алдынча аракеттенген, коомдук иштерге активдүү катышкан жана сабакты мыкты өздөштүргөн студенттерге тапшырылат. Мында ОшМУдан сырткары чет өлкөлөргө чыгып илимий, билим берүү жаатында өз тажрыйбасын кеңейтип, кесиптик чеберчилигин өнүктүргөнү да каралат. Стипендиаттарды тандоо «ОшМУнун мыкты студенти» сынагы жөнүндө жобонун негизинде жүргүзүлөт. Ага ылайык, конкурс эки баскыч менен өтөт. Биринчиси – факультеттик, экинчиси – университеттик деңгээлде болот.
«Аттуулдук стипендия» 2012-жылдан тарта туруктуу берилип келет. Бүгүнкү күндө аны алгандардын саны 65ке жетти. Алгачкы жылдары ар бир студентке айына 100 доллардан берилип келсе, былтыр 10 миң сомдон ыйгарылды. Ал эми 2025-2026-окуу жылында он студент ай сайын 12 миң сомдон стипендияга ээ болот. Быйыл стипендиянын жалпы суммасы 960 миң сомду түздү.