Чыгыш таануу институтунун тынчтык орнотууга багытталган долбоору Брюсселде талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Чыгыш таануу институтунун тынчтык орнотууга багытталган долбоору Брюсселде талкууланды

Image

Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев 17-21-ноябрь күндөрү Батыш Европадагы Бельгия королдугунун Брюссель шаарында болду. Анда ал Евросоюздун Борбор Азиядагы эл аралык кызматташтык жана жарандык коом дирекциясы менен жолугушту.

Жыйында Бөтөнөев институттун "Достук, толеранттуулук жана медиатордук" борбору тарабынан ишке ашкан "Достук көпүрөлөрү: медиатордук жана диалог аркылуу тынчтыкка карай бирге" аталышындагы долбоорунун аткарылышы боюнча маалымат берди. Мындан тышкары алдыдагы келечек пландар боюнча ой бөлүштү. Фергана өрөөнүндөгү тынчтыкты орнотууга багытталган бул долбоор быйыл июль, август жана сентябрь айларында ишке ашкан. Ага Евросоюз каржылык колдоо көрсөткөн. 

Иш сапардын жүрүшүндө Жолдошбек Бөтөнөев Евросоюздун Борбор Азия боюнча тышкы таасир этүүлөр (EEAS) жана тышкы саясий куралдар кызматтары (FPI) бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, Улуу Британиянын Saferworld Europe уюмунун директорлор кеңешинин төрагасы Джереми Лестер, Евросоюздун тышкы иштер министрлигиндеги Евросоюздун атайын өкүлү Эдуард Стипрайс, Евросоюздун мурдагы депутаты, коомдук ишмер Frank Schwalba-Hoth менен жолугуп сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Соңунда Европа парламенти менен жакындан таанышып, кызматкерлердин бири Papasotiriou Tjenny Anghelikie айым менен Чыгыш таануу институтунун студенттерине, магистранттарына жана профессордук-окутуучулук курамына конок лекцияларды өтүп берүү боюнча макулдашууга жетишти. Лекциялар онлайн форматта болот. 

Кошумчалай кетсек, Чыгыш таануу институтунун "Достук, толеранттуулук жана медиатордук" борбору Евросоюздун колдоосу менен 2025-жылдын июль, август жана сентябрь айларында жалпы суммасы 6000 евролук долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган.

 

Фото галерея