ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: ОшМУнун 100дөн ашуун студенти кош дипломдуу программада окуйт

Башкы Жаңылыктар

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: ОшМУнун 100дөн ашуун студенти кош дипломдуу программада окуйт

Image

2025-жылы окуу жай кош дипломдуу программаларды ийгиликтүү өнүктүрдү. Учурда Орусия, Казакстан жана Кытайдын университеттери менен 22 адистик боюнча активдүү иштеп жатат.

\   

Бүгүнкү күндө ОшМУда 20дан ашык кош дипломдук программа бар. Ал аркылуу 100дөн ашуун студент билим алууда. Анда студенттер эки жыл биздин университетте, эки жыл өнөктөш окуу жайда билим алып, бир учурда эки диплом алышат. Аталган программа 2018-жылдан бери кеңири масштабга чыкты.

  

Орусия, Казакстан жана Кытайдын алдыңкы университеттери менен 32 адистик боюнча келишим түзүлүп, алардын ичинен 22 адистик активдүү иштеп жатат. Биздин 12 магистрант Белгород, Томск жана Орусия элдердин достугу университеттеринде билим алып, эки дипломго ээ болду. 2024–2025-окуу жылында ОшМУга АКШ, Түркия, Индия, Пакистан, Корея, Жапония, Кытай жана башка өлкөлөрдөн 41 окутуучу келип, эмгектенүүдө. 

ОшМУ — билим жана дүйнө менен байланышкан университет!


 

Фото галерея