Казакстанда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жогорку билим берүү тутумдарын жакындаштырууга багытталган конференция өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

Казакстанда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жогорку билим берүү тутумдарын жакындаштырууга багытталган конференция өтүп жатат

Image

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Билим берүү министрлеринин "Борбордук Азиядагы жогорку билим берүү аймагы: Аймактык кызматташтык, улуттук реформалар"деген аталыштагы конференцияга катышып жатат.

Конференцияга Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүнөн сырткары онлайн байланыш аркылуу 250дөн ашуун Европа уюмдарынын өкүлдөрү, Жогорку билим берүүдөгү сапатты кепилдөөчү агенттиктердин Европалык Реестри да катышууда.  

Конференциянын максаты - Болон процессинин принциптери боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жогорку билим берүү тутумдарын жакындаштыруу болуп саналат.

Конференциянын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын билим берүү, илим, академиялык мобилдүүлүк кызматташытктарын бекемдеген Альянс түзүлүп, меморандумга кол коюлат.

Конференция Казакстандын   Туркестан шаарында өтүп жатат.

Фото галерея