ОшМУда укуктук билимди өнүктүрүүгө багытталган иш-чара өттү 

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда укуктук билимди өнүктүрүүгө багытталган иш-чара өттү 

Image

 

23-январда Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын Конституциялык соту уюштурган кезектеги «Конституционализм мектеби» болуп өттү.

Иш-чара укук тармагындагы студенттер жана окутуучулар үчүн конституциялык билимди тереңдетүүгө багытталды. Ага Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, судьялар, ОшМУнун жетекчилиги жана окутуучулар катышты.

Ачылыш аземинде ректор Кудайберди Кожобеков сөз сүйлөп, укуктук мамлекетти калыптандырууда конституциялык билимдин маанисине токтолду. Ал 2025-жылдын 27-февралында Конституциялык сот менен юристтерди даярдаган алдыңкы жогорку окуу жайлардын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлганын белгилеп, бул кызматташтык укуктук билим берүүнү өнүктүрүүгө жана болочок юристтерди даярдоого өбөлгө болорун айтты.

Эмил Өскөнбаев Конституциянын укуктук мамлекеттеги орду, коомдун туруктуу өнүгүүсүндө конституционализмдин ролу тууралуу баяндама жасады.

Ал эми Конституциялык соттун судьясы Чинара Айдарбекова Конституциялык соттун мамлекеттик органдар системасындагы орду, глобалдашуу шартында укуктун өнүгүү тенденциялары, укуктук аң-сезимди калыптандырууда билим берүүнүн мааниси тууралуу маалымат берди.

Судья Мээргүл Бобукеева конституциялык контролдоо органдары ченемдик укуктук актылардын Баш мыйзамга шайкештигин баалоодо колдонгон укук принциптери жана укуктук доктриналар тууралуу баяндады.

Ар бир баяндама соңунда суроо-жооп форматында талкуу уюштурулуп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Ошондой эле иш-чаранын алкагында Конституциялык соттун ишмердүүлүгү тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

«Конституционализм мектебинин» жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Фото галерея