Жаңы сезон: «ОшМУ» футбол клубуна 10 тажрыйбалуу оюнчу кошулду

Башкы Жаңылыктар

Жаңы сезон: «ОшМУ» футбол клубуна 10 тажрыйбалуу оюнчу кошулду

Image

2026-жылкы жаңы сезондо «ОшМУ» футбол клубуна 10 жаңы оюнчу трансфер болду. Алар Кыргызстан, Бразилия, Орусия, Беларусия жана Өзбекстандан келишти.

 Команданын жаңы оюнчулары төмөндөгүлөр: 

  • Юрий Сильва (Бразилия) – 26 жашта, чабуулчу, эл аралык кеңири тажрыйбага ээ, «Elosport SP» (Бразилия), «Металлист (Украина), «Boluspor» (Түркия), «Praiense», «Eléctrico» (Португалия), «Paju Citizen» (Түштүк Корея) клубдарында ойногон.
  • Жордана Кайке (Бразилия) – 25 жашта, чабуулдагы жарым коргоочу. Бразилиянын «Гояс», «Атлетико ГО», «Америка МГ», «Позу Алегре», «Гама ДФ», «Норт EC», «Бостон Сити» клубдарында ойногон.
  • Сарвар Мирзаев (Өзбекстан) – 24 жашта, дарбазачы. Өзбекстандын алдыңкы АГМК, «Олимпик», «Шуртан» клубдарында тажрыйба топтогон.
  • Артем Мироевский (Беларусия) – 26 жаш. Чабуулчу, «Арсенал» (Дзержинск), «Рух», «Макслайн», «Днепр», (Могилев) клубдарында ойногон.
  • Артем Архипов (Орусия) – 29 жаш, чабуулчу. Орусиянын Премьер-лигасында жана башка өлкөлөрдүн жогорку лигаларында чоң тажрыйбага ээ. «Тамбов», «Ахмат» (Грозный), «Химки» (Москва), «Шахтёр», (Солигорск, Беларусь), «Туран» (Казакстан), «Днепр» (Могилев, Беларусь).
  • Мирлан Худайбердиев (Кыргызстан) 23 жаш, коргоочу. «Талант», «Абдыш-Ата» жана Кыргызстандын Олимпиадалык курама командасында (U23) ойногон.  
  • Эрбол Култаев (Кыргызстан) – 23 жашта. Борбордук жарым коргоочу, «Абдыш-Атада»тажрыйба топтогон. Ошондой эле Кыргызстандын Олимпиадалык курама командасынын (U23) оюнчусу.
  • Бектур Замирбек уулу  (Кыргызстан) – 23 жаш, коргоочу. «Бишкек Сити», «Мурас Юнайтед» командаларында ойногон.
  • Баястан Талантбеков (Кыргызстан) – 24 жашта, борбордук жарым коргоочу. «Алга» (Бишкек), жана «Талант» клубдарында тажрыйба топтогон.
  • Аброр Кыдырадиев (Кыргызстан) – 34 жашта, жарым коргоочу. «Алай» (Ош), «Алдиер» (Куршаб), «Нефтчи» (Кочкор-Ата) клубдарында тажрыйба топтогон. Кыргыз Улуттук курама командасынын оюнчусу. Кыргызстандын төрт жолку чемпиону, Кыргызстандын Кубогунун, Суперкубогунун эки жолку ээси. 

«ОшМУ» футбол клубунун оюнчулары Өзбекстандын Ташкент шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатышат. Жаңы трансферлер командага күч жана тажрыйба кошуп, Жогорку Лигадагы оюндарга активдүү катышууга өбөлгө түзөт.