«Волейболдо тартип жеңет». Нурзат Ысмаилова менен маек

Башкы Жаңылыктар

«Волейболдо тартип жеңет». Нурзат Ысмаилова менен маек

Image

Кыргызстанда спорт тармагында, айрыкча эркектер үстөмдүк кылган машыктыруучулук чөйрөдө аял катары ийгиликке жетүү ар кимдин эле колунан келе бербейт. Бирок кесипкөйлүк, тартип жана туруктуулук менен бул тоскоолдуктарды жеңип, өз ордун тапкан айымдар бар. Алардын бири – Ош мамлекеттик университетинин волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурзат Ысмаилова.

Спорт жана билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жатканына быйыл 25 жыл болду. Ал жетектеген «Университет» кыз-келиндер клубу өлкөнүн үч жолку чемпиону аталып, Кыргыз волейбол федерациясынын президентинин кубогун төрт жолу жеңип алган. Бул маекте биз Нурзат Ысмаилованын спорттогу жолу, машыктыруучулук философиясы жана жаштарга болгон ишеними тууралуу сөз кылабыз.

- Нурзат, саламатсызбы? Өзүңүз тууралуу кыскача айтып берсеңиз.

- Мен 1985-жылы 14-январда Ош облусунун Алай районундагы Согонду айылында туулгам. 2001-жылы Сарбан Жаанбаев атындагы орто мектепти аяктап, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун дене тарбия бөлүмүнө тапшырып, дене тарбия мугалими адистигине ээ болдум.

2004-жылы Ош облусунун волейбол боюнча курама командасынын мүчөсү болдум. 2007–2009-жылдары ОшТУнун дене тарбия кафедрасында окутуучу болуп иштедим. Ал эми 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана дене тарбия факультетинин факультеттер аралык дене тарбия кафедрасында окутуучу болуп эмгектенип, ошол эле мезгилден тартып ОшМУнун волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп келе жатам.

— Сиз бүгүн спортто өз ордун тапкан машыктыруучусуз. Бул жол кайсы жерден башталган?
— Бул жол менин бала чагымдан, Согонду айылындагы мектептен башталган. Спортко болгон кызыгуум эрте ойгонгон. Жаштайымдан шамдагай, кыймылдуу болчумун. Алгач жеңил атлетика менен машыксам, 8-класстан тартып волейболго олуттуу кириштим. Ошол мезгилден баштап спорт менин жашоомдун ажырагыс бөлүгүнө айланды.

— Балалыктагы кайсы окуя бүгүнкү кесибиңизди тандап алууга түрткү берди?

— Мектептеги дене тарбия мугалимим Толкун эжекенин таасири чоң болду. Анын адамдык сапаты, өзүнө болгон ишеними жана кесипкөйлүгү биз үчүн чоң үлгү эле. Ошондо «мен да ушундай мугалим, ушундай машыктыруучу болсом» деген кыял жаралган. Бүгүн ошол кыялымды ишке ашырып келе жатам.

— Волейбол Сиз үчүн спорт эле эмес, кесипке айланды. Бул тандоо оңой болдубу?
— Албетте, оңой болгон жок. Волейбол чоң тартипти, үзгүлтүксүз эмгекти талап кылган спорт. Бирок мен бул жолду аң-сезимдүү тандадым. 2004-жылы облус курама командасынын курамында ойноп жүрүп, спорттогу жоопкерчиликти жана атаандаштыкты терең түшүндүм. Бул тажрыйба мени машыктыруучулукка даярдады.

— Кыргызстанда аял машыктыруучу болууну кандай баалайсыз? 

 — Бул чоң жоопкерчилик. Спорт чөйрөсүндө эркектер басымдуу. Ошондуктан өз ордуңду сөз менен эмес, эмгек жана жыйынтык менен далилдешиң керек. Убакыт өткөн сайын жасаган ишиң өзү сүйлөйт.

— Кыз-келиндер менен иштешүүнүн эң татаал жагы эмнеде?
— Кыздардын психологиясы назик. Айрым учурда турмуштук маселелер оюнга таасир этет. Машыктыруучу катары мен тактиканы үйрөтүү менен чектелбестен, аларды угуп, түшүнүүгө да милдеттүүмүн.


— Команданы жеңишке жеткирүүдө сиз үчүн өзгөрбөс принцип барбы?
— Ооба, бар. Тартип жана өз ара сый-урмат. Командалык оюнда жеке кызыкчылыктан мурда команданын максаты турушу керек. Тартип жок жерде туруктуу жеңиш болбойт.

— Окуу жай тарабынан «Университет» кыз-келиндер клубундагы спортчуларга кандай колдоолор көрсөтүлүп келет?

— Университет тарабынан бизге ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп келет. Эң негизгиси курама командага кирген студенттер үчүн келишимдик төлөмдөр боюнча жеңилдиктер, стипендиялар, ошондой эле жатаканага жайгаштыруу маселелеринин чечилиши спортчулар үчүн чоң дем берет. Бул колдоолор студенттердин окуу менен спортту айкалыштыруусуна мүмкүндүк берип, аларды социалдык жактан да, моралдык жактан да бекемдейт. Натыйжада спортчулар майда турмуштук маселелерге алаксыбай, толугу менен машыгууга жана мелдештерге даярданууга көңүл бура алышат. Университеттин мындай системалуу колдоосу команданын туруктуу өсүшүнө жана жогорку жыйынтыктарга жетишине түздөн-түз таасир этип келет деп айта алам.

— Сиз алган «Спорт чебери», «Дене тарбия жана спорттун отличниги» наамдары эмгегиңиздин жыйынтыгы. Мындан ары кайсы бийиктикти көздөйсүз?
— Алган ар бир наам – жоопкерчилик. Кийинки максатым – «Эмгек сиңирген машыктыруучу» наамына жетүү. Учурда керектүү нормативдерди толтуруп жатам.

— Эне, машыктыруучу жана окутуучу болуу үч башка дүйнө. Бул ролдорду кантип айкалыштырып келесиз?
— Кээде эне катары өзүмдү күнөөлүү сезген учурлар болот. Балдарыма жетиштүү убакыт бөлө албай калам. Бирок жолдошумдун колдоосу болбосо бул жүктү көтөрүү мүмкүн эмес эле. Үй-бүлөнүн түшүнүүсү менин эң чоң жеңишим.

— Балдарыңыз спортко кандай мамиле кылышат? Алардын тандоосуна таасир этесизби же эркине коёсузбу?

— Жок, тандоону өздөрү жасашты. Биз спортчу үй-бүлөбүз, бирок балдарым волейболду эмес, футболду тандашты. Азыр эки уулум тең Ош шаарынын командасында өз курактарында U15,U17 де негизги оюнчу болуп ойношот. Улуу уулум Дамирлан футбол боюнча спорттун чеберине талапкер. 
  

— Жаш спортчу кыздарга бүгүнкү күндүн талабына ылайык кандай кеңеш берет элеңиз?
— Спорт менен чектелип калбастан, билим алууну да унутпагыла дээр элем. Ден соолук, билим жана өзүнө кам көрүү келечектеги ийгиликтин ачкычы болот.

– Кыргыз волейболунун келечегин кандай элестетесиз?

– Акыркы жылдары жакшы жылыштар бар. Кыздарыбыз Азия кубокторуна катышып, чемпиондукка жетише баштады. Бул чоң үмүт жаратат.

Журналисттин сөзү: Нурзат Ысмаилованын өмүр жолу спортто ийгилик кокустуктан эмес, талыкпаган эмгек менен тартиптин натыйжасы экенин далилдейт. Ал үчүн машыктыруучулук жаштардын мүнөзүн калыптандыруу, жоопкерчиликке үйрөтүү жана өзүнө ишенүүгө тарбиялоо.

Аял, эне жана окутуучу катары үч чоң жоопкерчиликти аркалаган Нурзат айым спортто аялдардын орду бар экенин иши менен көрсөтүп келет. Анын жетектеп келе жаткан командасы мээнеттин жыйынтыгы, кыргыз волейболунун келечегине кошулган салым.

Жеңиш бир күндө эле келбейт. Ал тартиптен, ишенимден жана тынымсыз эмгектен башталат.

 

Маектешкен Зинагул Нуралиева

Фото галерея