ОшМУнун студенттери «Startup EXPO - 2026» көргөзмөсүндө жеңүүчү болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенттери «Startup EXPO - 2026» көргөзмөсүндө жеңүүчү болду

Image

24-январда «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинде өткөн «Startup EXPO - 2026» көргөзмөсүнө Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун кыргыз филологиясы бөлүмүнүн студенттеринен түзүлгөн командалар катышты. 

Иш-чарага жалпы 18 команда катышып, алар социалдык жана экономикалык багыттагы долбоорлорун калыстар тобунун сынына койду. Жыйынтыгында Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун студенттери Зарина Зулпукаарова, Шамсиябону Нажмидинова даярдаган «Жомоктор дүйнөсү» долбоору жеңүүчү деп табылды. Аларга уюштуруучулар тарабынан 200 АКШ доллары тапшырылды.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө ОшМУнун Бизнес паркы менен Түркиянын  “Маариф” мамлекеттик билим берүү фонду ортосунда кызматташуунун мүмкүн болгон багыттары боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Тараптар стартаптарды өнүктүрүү, билим берүү долбоорлорун биргелешип ишке ашыруу жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

«Жомоктор дүйнөсү» балдар бакчасындагы бөбөктөргө жана башталгыч класстардагы окуучуларга куурчак театрын көрсөтөт. Долбоор кыргыз тилинде аткарылып, тилди жайылтууга да салым кошот.

 “Биздин жаштардын потенциалы абдан жогору. Мындай демилгелүү иштер студенттердин келечекте ар кандай долбоорлорду ийгиликтүү аткаруусуна чоң жол ачат,” – дейт аталган иш-чарага студенттерди даярдаган доцент Бактыгүл Байтикова. 

Иш-чара жаш инноваторлордун идеяларын колдоо жана стартап-долбоорлорун коомчулукка таанытуу максатында уюштурулган.

 

Фото галерея