28-январда Ош мамлекеттик университетинде медицина жана эл аралык медицина факультеттеринин кафедра башчылыгына талапкер болгон окутуучулар үчүн конкурс алкагында тестирлөө өттү.
Тестирлөө 2025-жылдын 28-ноябрында «Ош шамы» гезитинин №21 санына жарыяланган конкурстун негизинде уюштурулду. Ошондой эле «ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамдын кызмат орундарын ээлөө тартиби жөнүндө» жобосунун 13-пунктуна ылайык жүргүзүлдү.
Тестирлөөдө талапкерлердин окуу процессин уюштуруу, илимий-изилдөө, методикалык жана тарбиялык ишмердүүлүк боюнча билим деңгээли бааланды. Мындан тышкары кафедра же бөлүм башчысынын функционалдык милдеттерин аткаруу жөндөмү, билим берүү тармагындагы колдонулуп жаткан мыйзамдарды билүүсү текшерилди.
Тестирлөө ОшМУнун 2025–2026-окуу жылына карата ректордун буйругу менен бекитилген конкурстук комиссия тарабынан өткөрүлдү.