Индустриалдык-педагогикалык колледжи 115 миң долларлык техникалык ар кандай каражаттар менен жабдылды

Башкы Жаңылыктар

Индустриалдык-педагогикалык колледжи 115 миң долларлык техникалык ар кандай каражаттар менен жабдылды

Image

ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжине  Азия өнүктүрүү банкынан 115 миң  долларлык техникалык ар кандай каражаттар алынып келинди. Мында окуу-техникалык каражаттар: компьютерлер, принтерлер,  акылдуу доскалар, ал эми студенттик жатакана үчүн кир жуучу автомат машиналар, муздаткычтар, микротолкундуу мештер бар.

“Биздин окуу жайда билим алган студенттерге, билимин өркүндөтүүгө келген окутуучуларга заманбап шарттар түзүлөт. Бүгүнкүдөй техникалык каражаттар келечек муундарга сапаттуу билим берүү үчүн кызмат кылат деп ойлоймун”,- дейт Индустриалдык-педагогикалык колледжинин  директору Олжобай Шаимкулов.

2018-жылы Индустриалдык-педагогикалык колледжи Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбооруна кирген.

 

Фото галерея