Донецк университети ОшМУ менен илимий кызматташууну кеңейтет

Башкы Жаңылыктар

Донецк университети ОшМУ менен илимий кызматташууну кеңейтет

Image

Донецк университети ОшМУ менен илимий кызматташууну кеңейтет

5-февралда Ош мамлекеттик университетине Орусиянын Донецк мамлекеттик педагогикалык университетинин (ДМПУ) өкүлдөрү иш сапары менен келди. Анда эки окуу жайдын ортосунда илимий жана билим берүү багытындагы кызматташууну чыңдоо маселелери талкууланды.

Жолугушууга ДМПУнун илимий изилдөө жана инновация боюнча проректору Ирина Герасименко баштаган делегация катышып, аларды ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров жана илимий изилдөө жана инновация боюнча проректору Эльзарбек Эшаров кабыл алышты.

Тараптар өз университеттеринин ишмердүүлүгүн тааныштырып, заманбап мугалимдерди даярдоо, академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен илимий-изилдөө, маданий долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышты. Жыйынтыгында эки тараптын ортосунда кызматташуу тууралуу документке кол коюлуп, анда илимий байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.

ДМПУнун өкүлдөрү Ош шаарында «Русский мир» билим берүү долбоорунун алкагында жүрүшөт. Анын негизинде түштүк аймактагы мектептердин орус тили, адабияты жана гуманитардык дисциплиналар боюнча мугалимдери үчүн окутуу программалары ишке ашырылууда. Ошондой эле орусиялык адистер ОшМУнун Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун студенттери, окутуучулары үчүн конок лекцияларды, тематикалык презентацияларды өткөрүштү.

 

Фото галерея