Гулбадан Матиева  Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин Ардактуу профессору болду 

Башкы Жаңылыктар

Гулбадан Матиева  Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин Ардактуу профессору болду 

Image

Ош мамлекеттик университетинин профессору Гулбадан Матиевага  Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин Ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

Бул наам ага  илим тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жогорку билим берүү системасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана илимий кадрларды даярдоодогу жигердүү ишмердүүлүгү үчүн тапшырылды. 

Университеттин ректору  ОшМУнун профессорунун илимге жана билим берүү тармагына кошкон салымы өзгөчө баалоого татыктуу  экенин баса белгиледи.

Профессор Гулбадан Матиева “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” ардактуу наамдарынын ээси.  Ал өлкөдөгү  илимий кадрларды даярдоодо өзүнүн салымын кошуп келе жаткан окумуштуу. Анын жетекчилигинде 4 илимдин кандидаты илимий иштерин ийгиликтүү коргогон. Ошондой эле 230дан  ашуун илимий макалалардын жана монографиялардын автору. 

  • Сүрөттөр Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин баракчасынан алынды
Фото галерея